Россия Федерациясына  виза алууну  талап кылбаган тартипте келген чет  өлкөлүк жарандын патент алышы

 

 

РоссияФедерациясына  визаалууну  талапкылбагантартиптекелген, РоссияФедерациясынынаймагындамыйзамдуужүргөнчетөлкөлңкжаранпатенталууүчүнмиграциячөйрөсүндөгүаткаруубийлигининфедералдыкорганына:

1) патентберүүжөнүндөарызды;

2) аталганчетөлкөлүкжарандын  инсандыгынкүбөлөндүргөн  жанаРоссияФедерациясытарабынанушундайдокументкатарытаанылгандокументти;

3) аталган чет өлкөлүк жарандын Россия Федерациясына киргендиги жөнүндө чек ара контролдугу органынын белгиси же  миграция чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин федералдык органынын аймактык оранынын аталган чет өлкөлүк жаранга аталган миграциялык картаны берүү тууралуу  белгиси коюлган миграциялык картаны;

4)  Россия Федерациясынын салыктар жана жыйымдар жөнүндө (мындан ары – салыктын төлөнгөндүгү жөнүндө документ) мыйзамдарында белгиленген тартипте мурдагы мезгилде патенттин негизинде жеке адамдарда эмгектик ишти жүзөгө ашыргандыгы үчүн  белгиленген аванстык төлөм түрүндөгү жеке адамдардын кирешесинен алынуучу салыкты  төлөгөндүгүн ырастаган документтерди;

5)  ушул чет өлкөлүк жаран тарабынан жеке адамдарда жүзөгө ашырылган эмгектик ишинин түрлөрү жөнүндө, мигарция чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин федералдык органы тарабынан бекитилген формада берилген маалыматты  берет.

 

Патент берүү үчүн үчүн алгачкы жолу кайрылганда Россия Федерациясынын салыктар жана жыйымдар жөнүндө (мындан ары – салыктын төлөнгөндүгү жөнүндө документ) мыйзамдарында белгиленген тартипте мурдагы мезгилде патенттин негизинде жеке адамдарда эмгектик ишти жүзөгө ашыргандыгы үчүн  белгиленген аванстык төлөм түрүндөгү жеке адамдардын кирешесинен алынуучу салыкты  төлөгөндүгүн ырастаган документтер жана ушул чет өлкөлүк жаран тарабынан жеке адамдарда жүзөгө ашырылган эмгектик ишинин түрлөрү жөнүндө, мигарция чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин федералдык органы тарабынан бекитилген формада берилген маалымат берилбейт.

Миграция чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин федералдык органынын аймактык органы  Россия Федерациясына  виза алууну  талап кылбаган тартипте келген  чет өлкөлүк жарандан патент берүү жөнүндө арыз алынган күндөн тартып он жумуш күнүнөн кечиктирбестен, аталган чет өлкөлүк жаранга патент берүүгө же патент берүүдөн баш тартуу тууралуу кабарлоого милдеттүү.

Патент бир айдан ңчайга чейинки мөөнөткө берилет.. Патенттин колдонулуш мөөнөтү үч айдан ашпаган мөөнөттүн ичинде бир нече жолу узартылышы мүмкүн. Мында патенттин колдонулушунун жалпы мөөнөтү узартууларды эске алганда  патент берилген күндөн тартып он эки айдан ашпоого тийиш.

Патенттин колдонулушунун мөөнөтү Россия Федерациясынын салыктар жана жыйымдар жөнүндө  (мындан ары – салык) мыйзамдарында белгиленген тартипте белгиленген аванстык төлөм түрүндө жеке адамдардын кирешесинен салык  мезгилге узартылды деп эсептелет. Мындай учурда  миграция чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин федералдык органынын аймактык органына кайрылуу талап кылынбайт..

Айрым учурда патенттин колдонулушунун мөөнөтү  салык төлөнгөн мезгилдин акыркы күнүөнө кийинки күндөн тартып токтотулат.

Патент берилген күндөн тартып он эки ай өткөндөн кийин чет өлкөлүк жаран учурда  миграция чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин федералдык органынын аймактык органына  жаңы патент алуу үчүн кайрылууга укуктуу.

Патент анын инсандыгын күбөлөндүргөн жана Россия Федерациясы тарабынан ушул сапатта таанылган документин жана патент берилип жаткакн мөөнөткө салыктын төлөнгөндүгү жөнүндө документти көрсөткөндө чет өлкөлүк жарандын жеке өзүнө берилет.

 

Патент чет өлкөлүк жаранга Россия Федерациясынын патент берилген субюъектисинин аймагында эмгектик ишти жүзөгө ашырууга укук берет.

Работает на Cobalt

Видео

Форум

Авторизация